Мазмунга өтүү

FTP

Википедия дан

(File Transfer Protocol- Протокол передачи файлов). Интернеттеги хост компьютерлер арасында файлдарды жиберүүдө колдонулган файлдарды жиберүүчү протокол. TCP/IP протоколунун бири болуп файлдарды бир компьютерден Интернет аркылуу башка компьютерге көчү-рүүдө колдонулат. Мында эки компьютер тең FTPны колдоосу керек жана бири FTP клиент экинчиси FTP-сервер болот.

FTP серверлеринин тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түпнуска файл өткөрүү протоколунун спецификациясы Абхай Бхушан тарабынан жазылып, 1971-жылдын 16-апрелинде 114-чи RFC катары жарыяланган.[1][2][3] 1980-жылга чейин FTP, TCP/IPдин мурдагысы NCPде иштеген.[4][5] Кийин протокол TCP/IP версиясы менен 765 RFC (июнь 1980-ж.) жана 959 RFC (октябрь 1985-ж.), азыркы спецификация, менен алмаштырылган. Бир нече сунушталган стандарттар 959 RFCге өзгөртүүлөрдү киргизет; мисалы, 1579 RFC (февраль 1994-ж.) брандмауэрларда FTP (пассивдүү режим) колдонууга мүмкүнчүлүк берет, 2228 RFC (июнь 1997-ж.) коопсуздукту камсыздоо үчүн кеңейтүүлөрдү сунуштайт, 2428 RFC (сентябрь 1998-ж.) IPv6 колдоону кошот жана жаңы пассивдүү режимдин типин аныктайт.

HTTPдон айырмачылыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

HTTP, негизинен, веб-баракчалар үчүн мүнөздүү көптөгөн чакан убактылуу маалымат өткөрүүлөр үчүн ыңгайсыз кылган FTPдеги каталарды оңдойт.

FTP учурдагы иштей турган каталогду жана башка желектерди колдой турган байкоо жүргүзүүчү байланыш колдонот жана ар бир маалымат өткөрүү үчүн кошумча байланыш керек, андан аркылуу маалымат өткөрүлөт.[6][7][8] «Пассивдүү» режимде бул кошумча байланыш кардардан серверге барат, ал эми демейки «активдүү» режимде бул байланыш серверден кардарга барат. Активдүү режимдеги ролдордун ачыктан ачык алмашуусу жана бардык маалымат өткөрүүлөргө кокус порт номерлеринен улам брандмауэрлар жана NAT шлюздары FTP менен иштөөдө кыйналышат. HTTP бул абалга жараша сакталып турбоучу протокол жана кардардан серверге белгилүү порттор боюнча бир эле байланыш аркылуу башкарууну жана маалымат өткөрүүнү жетекчилейт, бул NAT шлюздарынан өтүү жана брандмауэрларды башкаруу жеңилдетет.[9][10]

FTP башкаруу байланышын жөндөө бардык зарыл буйруктарды жөнөтүү жана жоопторду күтүүдөгү кечиктирүүлөрдөн улам абдан жай жүрөт. Ошондуктан, бир нече файлдарды өткөрүү үчүн башкаруу байланышын орнотуу жана аны ачык кармап туруу кабыл алынган, ар жолу сеансты үзүүнүн жана кайра орнотуунун ордуна.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. FTP (File Transfer Protocol). zpenterprises.co. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  2. Full form of FTP. www.ecstuff4u.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  3. What is FTP (File Transfer Protocol). www.omnisecu.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  4. FTP Overview, History and Standards. www.tcpipguide.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  5. Exploring File Transfer Protocol. www.filemail.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  6. What is FTP?. www.educba.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  7. File Transfer Protocol. FTP Protocol. www.gatevidyalay.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  8. File Transfer Protocol (FTP). programmersought.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  9. HyperText Transfer Protocol. HTTP Tutorial. www.gatevidyalay.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
  10. HTTP(Hypertext Transfer Protocol) Request and Response. www.slashroot.in. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2024.