Экспозиция (адабият)
Экспозиция (лат. – түшүндүрүү) – көркөм чыгармаларда сюжеттин элементтеринин бири болгон экспозицияда каармандар жөнүндө алгачкы маалыматтар белгилүү болуп, окуя өтө турган тарыхый шарт жөнүндө, жалпы эле конфликтиге чейинки ал-абал тууралуу түшүнүк берилет. Мис., Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесиндеги Авалбек, Жээнгүл жөнүндөгү автордун баяны, кой кыркчу кашардагы турмушту сүрөттөө экспозицияга кирет. Экспозицияны чыгармадагы ордуна карап, төмөнкүдөй түрлөргө бөлөт: түз экспозиция – чыгармадагы негизги окуянын башталышынан мурда келет, кечиктирилген.
Экспозиция – окуя түйүндөлүп, конфликт түзүлгөндөн кийин каармандар жөнүндө автордук баяндоо. Мис., Т. Сыдыкбековдун “Пайдага чечилген чатак” аңгемесинде, тескери экспозиция – мында каармандар жөнүндө маалымат, алардын байланышуу-катнашуу жагдайлары чыгарманын аягында берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004